Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

БУУнун грек-македон талашы боюнча чабарманы Афиныга келет


БУУнун чабарманы Мэтью Нимиц.
БУУнун чабарманы Мэтью Нимиц.

Македониянын аталышына байланыштуу Афины менен Скопьенин ортосунда 27 жылдан бери чечилбей келаткан талашка арачылык кыла турган Улуттар Уюмунун өкүлү бүгүн Грецияга эки күндүк сапары менен келет. БУУнун чабарманы Мэтью Нимиц Грециядан кийин эки күнгө Македонияга барат.

Греция Югославия мамлекети ыдырагандан кийин 1991-жылы өз алдынчалыгын жарыялаган республиканын Македония деп аталганына каршы болуп келатат. Расмий Афины Грециянын түндүгүндөгү аймак да Македония деп аталаарын белгилеп, мындай жагдай эки өлкөнүн ортосундагы жер талашка жол ачышы мүмкүн деп эсептейт.

Греция менен Македониянын бийлик өкүлдөрү маселени быйыл чечүүнү пландап жатышат. Грек өкмөт башчысы Алексис Ципрас Афины "Македония" сөзүн камтыган "Жогорку Македония" же "Жаңы Македония" сыяктуу жаңы аталыштарды кабыл алууга даяр экенин 27-январда айтты.

XS
SM
MD
LG