Ооганстандын борбору Кабулдагы көзөмөл бекетинде болгон чабуулдан мерт болгон аскерлердин саны 11ге жетти. Дүйшөмбүдөгү кол салуудан дагы 16 адам жарадар болгонун өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.
"Маршал Фахим" аскер академиясынын коопсуздугун камсыз кылган көзөмөл бекетине беш согушкер кол салган. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Давлат Вазиринин айтымында, эки жанкечти өздөрүн жардырып жиберишсе, дагы эки согушкер атышуудан мер болгон. Коопсуздук кызматкерлери бир согушкерди тирүү кармашкан.
Соңку чабуулга жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган радикал топ алды. Эки күн мурда талибдердин Кабулдагы жардыруусунан 103 киши каза тапкан. Бул кол салуудан кийин АКШнын президенти Доналд Трамп бардык өлкөлөрдү ушул экстремисттик топко каршы "чечкиндүү чара" көрүүгө чакырган.