Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:21

Израилдин премьер-министри Москвага жөнөдү


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Сочи шаары, 23-август, 2017-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бүгүн Москвага барып, орус президенти Владимир Путин менен жолугат. Анда Сириядагы жаңжал жана Иран маселеси талкууланаарын Нетаньяху Орусияга учуп кетерде журналисттерге билдирди.

Ал Иранды Ливанда "эбегейсиз чоң ракета аймагын" түзүп, "Израилди бутага алгысы келип жатат" деп сындады. Нетаньяху Израил менен Орусиянын Сириядагы күчтөрүнүн аскердик аракеттерин координациялаш үчүн Путин менен байма-бай жолугуп турарын да кошумчалады.

Москва Израил менен да, анын региондогу атаандаштары Сирия жана Иран менен да жакшы мамилени сактап келе жатат. Биньямин Нетаньяху соңку эки жыл ичинде Орусияга кеминде жети жолу келди.

Израил Сирия согушунда эч кайсы тарапты колдобогонун расмий билдиргени менен бул өлкөдөгү Ирандын таасирине каршы. Иран Израилдин дооматтарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG