Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарларындагы президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган акцияларда кармалгандардын басымдуу бөлүгү кайра бошотулду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди.
Акцияга байкоо салган өз алдынча "ОВД-Инфо" медиа-долбоору кабарлагандай, 28-январда оппозициячыл активист Алексей Навальный уюштурган жүрүштөрдө баш-аягы 350дөн ашык демонстрант кармалган. Полиция Навальныйдын өзүн да кармап кетип, түнгө жуук кайра бошоткон. Тергөө органдары митингдердин ондогон катышуучуларына расмий айып такканы белгилүү болду.
Декабрь айында Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы "мурда соттолгон" деген жүйө менен Навальныйга шайлоого катышууга уруксат берген эмес. Орусиядагы 18-мартка белгиленген шайлоону президент Владимир Путинди “кайра дайындоо” деп мүнөздөгөн Навальный орусиялыктарды добуш бербөөгө үндөгөн.