Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Орусия: 2017-жылы төрөлгөн балдардын саны азайды


Орусияда 2017-жылы төрөлгөн балдардын саны андан мурдагы жылга салыштырмалуу 10,7 пайызга аз. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик статистика кызматынын 29-январда жарыялаган маалыматында айтылат. Соңку бир жылда кайтыш болгондордун саны 3,9 пайызга азайганы менен калктын санында өсүш байкалган эмес.

2017-жылы Орусияда 1,69 миллион ымыркай төрөлгөн. Бул 2016-жылга караганда 203 миңге аздык кылат. "Росстаттын" маалыматына ылайык, Орусияда төрөлгөн балдардын саны үч жыл катары менен азайып жатат.

Ноябрь айында президент Владимир Путин Орусиядагы демографиялык абалга тынчсыздануусун билдирип, өкмөт бул тармактагы программаны кайра карап чыгаарын билдирген. Ал биринчи наристелүү болгон ата-энелерге 18 ай бою колдоо көрсөтүлөрүн, 2018-жылдан тарта үй-бүлөлөр айына 180 долларлык жөлөкпул ала баштаарын айткан.

Дүйнөлүк банктын 2016-жылдагы маалыматы боюнча, Орусиянын калкы 144,3 миллион адамды түзөт.

XS
SM
MD
LG