Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Сочиге Сирия сүйлөшүүлөрдүн делегаттары чогулууда


Казакстандын борбору Астанада буга чейин бир нече жолу Сирия боюнча сүйлөшүүлөр өткөн.
Казакстандын борбору Астанада буга чейин бир нече жолу Сирия боюнча сүйлөшүүлөр өткөн.

Орусиянын Сочи шаарына Сириядагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн “Улуттук диалог конгресси” деп аталган жыйындын катышуучулары чогулууда. Москва конференцияга 1600дөн ашык делегат келе турганын билдирди. Жыйындын 30-январга белгиленген негизги бөлүгүндө Сириянын жаңы Конституциясын жазуунун жол-жоболору талкууланат. Бирок Сириянын башкы оппозициялык тобу Орусия ортомчулук кылган бул тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпай турганын жарыялаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сириялык оппозиция өкүлдөрүнүн келбей калганы жыйынды “үзгүлтүккө учуратпай” турганын белгиледи.

Жыйын Түркия Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагында ири аскер операцияларын өткөрүп жаткан учурда өтүп жатат.

Өткөн аптада Венада Бириккен Улуттар Уюму ортомчулук кылган Сирия сүйлөшүүлөрүнүн тогузунчу айлампасы өткөн.

XS
SM
MD
LG