Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 19:52

Райсот Жакупова менен Айыптын камактагы мүлкү боюнча ишти карайт


Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын жана журналист Нарын Айыптын камакка алынган мүлкүнө байланыштуу ишти карайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Нарын Айып кабарлады.

- Мыйзам боюнча жашап жаткан үйдү албаш керек, башка мүлктү алса болот. Анда жашап жаткан адам кайда жашайт? Сотто адвокаттар ушул маселени талкуулашат. Буга чейин сот айыппулду бөлүп төлөөгө да макул болбой койгон.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана журналист Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгаруу, анын эсебинен айыппулду өндүрүү талабы менен сотко кайрылган. Буга чейин соттун чечими менен бул имараттар камакка алынган.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон.

Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Өлкөдөгү жана эл аралык уюмдар бул сот чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, сөз эркиндигине басым катары баалаган.

Буга чейин Кыргызстандын журналисттеринин эркин биримдиги, 17 медиа жана эл аралык уюм да доого жыгылган журналисттерге каражат топтой баштаган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG