Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 02:49

Депутаттар Бишкек ЖЭБиндеги абал менен таанышат


Бишкек ЖЭБи.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин депутаттары бүгүн, 30-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрөт.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна комитеттин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев билдирди. Ал депутаттар жеринде Жылуулук электр борборунун иши менен таанышып, түзүлгөн кырдаалды талкууга алышарын айтты.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери башкалаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү өлчөмдө берилбей жатат. Батирлер, социалдык объектилер муздак болгондуктан шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болууда. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган.

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты Экотехинспекциянын алдында түзүлгөн атайын комиссия, УКМК, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы иликтеп жатат.

Бишкек жылуулук борборунун модернизацияланган башкы корпусу 2017-жылдын 30-августунда пайдаланууга берилген. Ал Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG