Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Бишкекте өткөн "Ачык өкмөт" программасы боюнча жыйында кечке жуук баш калаадагы бардык үйлөрдө жылуулуктун температурасы жогорулай турганын билдирген.
Бул кабарды Исаковдун басма сөз катчысы Урмат Кабылова "Азаттыкка" ырастады:
- Бүгүн саат 4тө температура жогорулайт деп күтүп жатабыз. Бирок бул туура саат 4тө үйлөр жылып калат дегенди билдирбейт. Премьер "жылуулук болот деп так айта албайбыз, бирок акырындык менен температураны көтөрүп атабыз" деп айтты. Андыктан бүгүн кечинде жылуулук жакшыраак болуп калышы керек.
29-январда премьер-министр Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылып, кечирим сураган. Бүгүнкү абалга жол бергендер аныкталып, күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланарын билдирген. Өкмөт бул тармакка катуу көңүл бурарын, реформалоо үчүн бардык аракеттер жумшаларын кошумчалаган.
26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болгон. Ошондон бери баш калаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү өлчөмдө бериле элек. Батирлер, социалдык объектилер муздак болгондуктан шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болууда. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган. (NT)