Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Кримчөйрөдөгү Орозалиевдин адвокаты Жогорку соттон арызын чакыртып алды


Жогорку соттун имараты.
Жогорку соттун имараты.

Кыргызстанда криминалдык чөйрөдө "Алтуха" деген каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимовдун шериги Тынчтык Орозалиевдин адвокатынын арызы Жогорку сотто каралган жок. Буга адвокаттын арызды кайтарып алганы себеп болгонун Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Жогорку соттун жазык иштери боюнча коллегиясы Орозалиевдин адвокатынын арызын карамак. Адвокат арызды кайтарып алганына байланыштуу каралган жок. Мурдагы чечим күчүндө калды.

Алтынбек Ибраимов шериги Тынчтыкбек Орозалиев экөө 2015-жылы "адамды мыйзамсыз эркинен ажыраткан", "опузалап акча талап кылган" деген айып менен камакка алынган. Ишти былтыр Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту карап, судья Дөөлөтбек Турдукожоев "опузалап акча талап кылганы далилденген жок" деген негизде аларды актаган. Ошол эле маалда "маңзат сактаган" деген айып боюнча төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен, бирок "кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти" деп экөөнү тең абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Жабырлануучулар буга нааразы болуп Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан, натыйжада Ибраимов он бир, Орозалиев алты жылга кесилген.

Буга чейин "Азаттык" радиосу соттолгондордун бири Тынчтыкбек Орозалиевдин адвокаты бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кайрылганын, анын арызын кароо 30-январга белгиленгенин жазып чыккан. Алтынбек Ибраимов жана анын шериги Тынчтыкбек Орозалиевден ыдык көргөндөр Жогорку сот аларды "абактан бошотуп жибериши мүмкүн" деген кооптонууларын билдиришкен. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG