Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 10:35

Кримчөйрөдө "Алтуха" деген каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимовдун кылмыш ишиндеги жабырлануучулар менен соттолуучулардын тарапташтары кайым айтышып жатышат.

Ибраимовдон запкы көрүп, үйүн тарттырып жибергени сөз болуп жаткан ишкердин жакындары аны Жогорку сот актап жибериши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Соттолуучуларды жактагандар болсо "алдамчылык кылган" деп ишкердин өзүн күнөөлөп жатышат.

Былтыр райондук сот Алтынбек Ибраимов менен анын шериги Тынчтык Орозалиевди актаган. Бишкек шаардык соту болсо аларды 11 жана 6 жылга эркинен ажыраткан. Эми бул ишти Жогорку сот 30-январда караганы жатат.

Адистер эки инстанциядагы соттун эки башка чечими күмөн жаратарын айтып жатышат.

Өткөн аптада "Азаттык" Бишкек шаарынын тургуну Чынара Турабакунованын уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөсү аттыккан Алтынбек Ибраимов "эркиндикке чыгышы ыктымал" деген кооптонуусу тууралуу жазган. Анда ал ишкерлик кылган күйөөсү Руслан Матниязов Ибраимов баштаган "каралардан" запкы көргөнүн, үйүн 80 миң долларга баалап тартып алганын айткан. Турабакунова бул факты боюнча Ибраимов менен анын шериги Тынчтык Орозалиев экөө камакка алынганын, бирок Бишкектеги Свердлов райондук соту аларды бошотконун, ал эми Бишкек шаардык соту болсо Ибраимовду 11, ал эми шеригин алты жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарганын айткан. "Эми Жогорку сот бошотуп жибериши мүмкүн" деп чочулап, өлкөнүн жетекчилигине кайрылуу жолдогон.

Ошол макала жазылып жаткан чакта "Азаттык" Матниязовдун бизнестеги өнөктөшү, аны "караларга" карматканы айтылган Аида Каленованы издеп, бирок байланыша алган эмес. Ал макала сайтка чыккандан кийин "Азаттыкка" келип, Турабакунованын айткандарын жокко чыгарды. Каленова Матниязов аны ири суммадагы акчага алдап кеткенин, ага Матниязовдун достору күбө болгонун айтты:

- Матниязовду 2012-жылдан бери тааныйм. Анын күйүүчү май, газ саткан фирмасы бар болчу. Мен күйүүчү майды дүңүнөн сатып алып, кайра өлкөнүн түштүгүнө күйүүчү май сатуучу жайларга сатчумун. 2013-жылы август айында күйүүчү май тартыш, дүң баасы 38 сом болуп турганда Матниязов мага чалып, баасы 37 сомдон күйүүчү май бар экенин айтып, сатып алууну сунуш кылган. Мен андан ушул баада эки унаа май сатып алгандан кийин Матниязовго ишенип кызматташа баштагам. Мен анда чынында эле арзан күйүүчү май бар экенине ишенип, үч күндүн ичинде 7 миллион сомдон ашык акча төлөп бергем. Ал учурда Матниязовдун Бишкектеги Правда-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кеңсеси бар болчу. Ал жерде Бакыт деген жардамчысы, Нурмат деген досу бар болчу. Үчөө тең менин акча алып барып бергениме, анын санап алганына күбө. Мен акчаны бергенден кийин Канттагы нефтебазага май ташыган жети унаа жөнөткөм. Матниязов күнүгө "эртең, бүрсүгүнү, кезек болуп жатат, чыдап тургула, күтүп тургула, ал-бул" деп май куйбай жатты. Унаалар толук 11 күн турду. Андан кийин "Сибнефтинин" кеңсесине барып: "Эмнеге мен акчасын төлөсөм деле май куйбай жатасыңар?" десем, алар мага Матниязов эң алгачкы эки унаанын гана акчасын төлөгөнүн, калган 11 машинага төлөбөгөнүн айтышты. Экинчиден, аларда май эч качан 37 сом болгон эмес экен, дүң баасы 37 сом 80 тыйын болгон экен. Ошондо мен Матниязовдун алдап кеткенин түшүндүм. Ал мага башында өз баасынан арзан май сатып, андан кийинки берген акчаны өз чөнтөгүнө салып койгон экен. Экөөбүздүн чырыбыз ошондон башталды.

Аида Каленова жарым жылдан кийин милицияга кайрылганын билдирди. Бирок бул ишке Алтынбек Ибраимов аралашкандан кийин арызын кайтарып алганын, Ибраимов Матниязовдун таламын талашканын айтты:

- Мен өз иштерим менен Баткенде жүргөндө мага Алтынбек (Ибраимов) чалды. Мен аны мурунку күйөөм аркылуу тааныйт элем. Ал мага "Матниязов сага карыз турбайбы, бирок анын акчасы жок экен, сага акча бере албайт, бирок анын бир кыймылсыз мүлкү бар экен, ошону албайсыңбы" деди. Мен башында андан баш тартып, "акчамды эле берсин" дедим. Менин угушума караганда Матниязов мен милицияга арыздангандан кийин катуу чочулаган экен. Анткени тергөөчү бул иш боюнча "аны камайм" деп жаткан. Анан ал экөөбүз тең тааный турган тааныштарды издеп, Алтынбекти эле тапкан окшойт. Анткени Алтынбек мага чалып "жашоодо ар кандай болот, өйдө-ылдый болот, туура түшүн" деп Матниязовду коргогон. Мен юристтер, тааныштар менен кеңешкенде алар "картошка болсо да ала бер" дешти. Ошентип мен анын кыймылсыз мүлкүн алууга макул болдум. Мага Алтынбек чалып, "эгер алсаң азыр сага барышат" деди. Мага Матниязов Нурмат деген досу менен келди. Мени үйдөн алып кетип, нотариуска алып келишти. Мен аны жадагалса тааныбайм дагы. Анан ал мага бул үй өгөй кызына жазылганын, "ал келсе карыз үчүн эмес, сатып алып жатканыңды айтып койчу" деп суранды. Мен макул болдум, анткени мага баары бир болчу. Бир жаш кыз келип документтерге унчукпай эле кол коюп берди. Мен өзүмө ишеним кат жаза албагандыктан, таанышымдын атына ишеним кат жазып беришти.

Ошол кезде толук курулуп бүтө элек бул чуулгандуу имаратты Матниязовдун таанышы Толкунбек Осмоналиев аттуу жаран Аида Каленовадан сатып алган экен. Осмоналиев Матниязов менен тааныш болгонун, ал жерге мейманкана тибиндеги көп батирлүү үй курулганын, бирок камакта турганын айтып берди.

- Матниязов экөөбүз бир айылдан болобуз. Бирок ал Балыкчыда Алтынбек Ибраимов менен чогуу окуган, ошондуктан экөө жакшы тааныш. 2011-жылы азыр талаш болуп жаткан жерге мен жатакананын долбоорун чийип бергем. Бирок салып бүтпөй калышты. Бир жылбы, эки жылдан кийин мага Чынара Турабакунова чалып, "ошол жерди сатып бер" деп суранды. Мен Мурат, Болот деген эки кишини таап бергем, алар келишим түзүп алышкан. Бирок бир жылдан кийин эле албай калганы белгилүү болду. Көп өтпөй эле Чынара Турабакунова мага дагы чалып, сатып беришимди суранды. Анан мен "мага эле сатпайсыңарбы" дедим. "Макул, барып жерди көрө бер" деди. Барсам ошол жерде "ээси бизбиз" деп бир бала жүрүптүр. Колунда документтери бар экен. Мен ошол жерден Матниязовго чалсам, ал бул имаратты сатып жибергенин, аялына айтпай эле коюшумду суранды. Анан мен ал баладан "бул үйдү карызга берем десеңер алам" деп, бир жылга келишим түздүк. Бир жылдын ичинде үйдү салдым. Акчасынан толук кутулдум. Мен Аида Каленовага акчасын толук бергем. Ал үйгө элди киргизгем. Ал жерде азыр 20-30 үй-бүлө жашап жатат. Бирок бул үй азыр камакта турат, ошондуктан мен документтерин бүтүрө албай жатам. Эгер 30-январдагы соттон уттуруп жиберсе, бул үйгө Чынара Турабакунова ээлик кылат. Ал мага "жашагандардын баарын кууп чыгам" деп айткан.

"Азаттык" Чынара Турабакунова менен кайра байланышты, ал "Аида Каленова менен Толкунбек Осмоналиевдин сөздөрүнүн далили жок" деп билдирди. Чынара айым аларды "сот жообунан кутулуу жолдорун издеп жатышат" деп айыптады:

- Сотто териштиргенде күйөөм аларга карыз экени тууралуу эч кандай далил, бир да документ көрсөтө алышкан жок. Курулай гана сөздөрдү айтып жатышат. Албетте ар ким эле соттолуп кетпейин деп өзүн коргойт да. Ал жерде Каленова "заказ берген" адам катары каралып жатат. "Алтуха" соттон "мен мунун күйөөсү менен дос болчумун, мен ал тарапта болчумун" деп айтып жатат. Эгер ал менин күйөөм тарапта болсо ушинтип үйдү тартып алмак беле? "Алтуха" биздин үйдү ага тартып берип, Каленова аны өзүнө каттатып алган. Менин күйөөм ага карыз экенин далилдеп бере алабы? Кана далилдер? Банктагы эсеп барбы, тил каты бар бекен? Мунун баары курулай сөздөр. Мисалы, сиз эч кандай документи, тил каты жок 68 миң долларды бирөөгө жөн эле санап бересизби? Азыр 68 миң доллар эмес, 1000 долларды жөн эле бербейсиң да. Толкунбек болсо ал үйдү Каленовадан сатып алып, эч кандай уруксат документтери жок болсо деле үй куруп салды. Анан анын да кызыкчылыгы бар да, ошон үчүн экөө биригип алып чуркап жүрүшөт да. Ал кечээ эле "бул ишти ынтымак менен эле бүтүрөлү" деп СМС жазыптыр. Мен жооп бербей койдум. Күнөөлүү эмес болсо ушинтип жанталашмак беле?

Айтор бул ишти Жогорку сот 30-январда карайт жана анда кандай өкүм чыгары белгисиз. Жогорку соттун басма сөз катчысынын буга чейинки билдиргенине караганда, 30-январдагы соттук отурумда иш Орозалиевдин гана адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде каралат.

Деген менен бир иш боюнча төмөнкү эки инстанциядагы эки соттун эки чечим чыгарганын адистер түрдүүчө баалап жатат. Жогорку соттун мурунку төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов мындай көрүнүш соттук тажрыйбада сейрек кездешерине токтолду. Бирок ал соттук тажрыйбанын өзү башаламан болуп кетти деген оюн айтты:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Бир инстанция актаган, экинчиси 11 жылга эркинен ажыраткан айырмачылык негизи болбошу керек. Кылмыш жасаганы тергөөдө далилденген туруктуу тажрыйбаны карманышы керек. Бирок турмушта негизсиз, мыйзамсыз айып койгон учурлар да бар. Тескерисинче, баары далилденип турса да негизсиз, мыйзамсыз актап жиберген учурлар да кездешет. Азыр эми соттук тажрыйба чаржайыт болуп жатат. Соттук тажрыйбаны тергеп-тескеп жөнгө салып турган Жогорку соттун инстанциялары бар эле.

Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова болсо сот жараяндарындагы коррупциялык айла-амалдарга токтолду:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Мисалы "Дөө" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун абактан чыккан схемасын ала турган болсок, бул жерде алар башынан эле төмөнкү эки инстанцияга көңүл бурушкан эмес. "Жогорку сотко жеткенде чечип алабыз" дешкен. Анан ал ошол жактан бошоп кетти. Көп учурда ушундай кылышат. Бул жерде "Алтуханыкы" тескерисинче болуп жатат. Башында эле биринчи инстанция менен акталышкан. Бирок соттун актаган өкүмү терс эле көрүнүш. Анткени кээде тергөө эки-үч жылга чейин созулуп кетип жатпайбы. Ошондуктан "тергеген укук коргоо органдары эмне кылып жүрдү, прокурорлор эмнени көзөмөлдөдү" деген суроо туулат. Эгер акталса, анда эмнеге күнөөсүз адамды ушунча кармашат? Өкүмдөрдү карап көрсөңөр, кимдер акталып жатат? Укук коргоо органдарында иштегендер, судьялардын өздөрү, анан бандиттер акталып жатат. Бул жерде коррупциялык схемалар күчтүү. Бирок негизги өкүм биринчи инстанцияныкы. Анткени ал жерде күбөлөр чакырылат, суралат. Далилдер иликтенет. Сот баарын салмактап, текшергенге мүмкүнчүлүгү болот. Бирок экинчи, көзөмөлдөөчү инстанцияга келгенде далидерди кайра карабайт, күбөлөрдү сурабайт, болгону "процедура бузулдубу же жокпу" дегенди эле карайт. Ошондуктан Жогорку сотто "адам күнөөлүүбү же күнөөсү жокпу" деген маселе турбайт. "Сот туура карадыбы, укук нормаларын бузган жокпу?" деп карайт. Булар болсо Жогорку соттон чыгып кетип жатпайбы.

Соттордун уюшма кылмыш топторунун активдүү мүчөлөрүнө байланыштуу соңку чечимдери талаш-талкуу жаратты.

Кыргызстан бир канча жылдан бери сот реформасын ишке ашыра албай келет. Былтыр ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев судьялар жаңыланганын, реформанын пайдубалы түптөлгөнүн айткан. Бирок коомчулукта сотторго доомат азая элек.

Бизнести бандиттер көзөмөлдөйбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:04 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG