Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Түндүк Корея Сеулдагы концерттен баш тартты


"Мораңбоң" кыздар тобунун жетекчиси Хён Сонг Вол Сеулда. 21-январь, 2018-жыл.
"Мораңбоң" кыздар тобунун жетекчиси Хён Сонг Вол Сеулда. 21-январь, 2018-жыл.

Түндүк Корея түштүктөгү коңшусу менен чогуу 4-февралда концерт өткөрүүдөн баш тартты. Буга Пхеньян түштүк кореялык маалымат каражаттарын айыптап, "бизди мазактаган пикирлерди чыгарууда" деп таарынды. Бирок Пхеньян кайсы макала же кабар ачуусуна тийгенин тактаган эмес. Түштүк Кореянын бийлиги кандай гана болбосун иш-чараларды чогуу-чаран өткөрүү жагына ыктап турат.

Эки Кореянын чыңалган мамилеси быйылтан тартып жумшара баштаганы белгилүү. Январдын башынан бери делегациялар жолугуп, кышкы Олимпиаданын ачылышында спортчуларын бир желек алдында чыгарып, аялдардын хоккей командасын мелдештерге бирге чыгаруу макулдашылган.

XS
SM
MD
LG