Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:35

Тажикстандыктар Саданы майрамдашууда


Тажикстандагы Сада майрамы, 30-январь, 2018-жыл.

Сада майрамы Ноорузга элүү күн калганда, чилденин мизи кайткан маалда жаздын келишин утурлай өткөрүлөт. Эл чогулган жерде от жагылып, казан асылып, шаң-тамаша менен коштолот. Сада майрамын тажик бийлиги былтыр Нооруз сыяктуу эле улуттук майрамдардын катарына кошкон.

Өлкө президенти Эмомали Рахмон бабалардан калган бул майрамды “От жараткан” же “Жарык менен жылуулуктун булагы” деп атады. Ошол эле учурда Саданын осуяттарынын бири жазгы дыйканчылык, багбанчылык иштерге даярдануу экенин эске салды.

Президент өткөн күз жана учурдагы аба ырайынан улам келаткан жаз-жай кургакчыл, түшүмү аз болуп калышы мүмкүн экенин айтып келип, той-аштарда үнөмдүү болууга чакырды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG