Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 13:11

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов бүгүнтөн тартып үй-бүлөсү, туугандары менен көрүшүүгө уруксат берилбей жатканына каршылык иретинде "кургак ачкачылык" кармай баштады. Ошондой эле саясатчы соттук териштирүү адилетсиз болуп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун мүчөсү Зулфия Марат “Азаттыкка” кабарлады. Бул маалыматты Асановдун туугандары да ырасташты.

УКМК азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Зулфия Мараттын айтымында, ачкачылык акциясына 31-январда ушундай эле айып менен камакта отурган Эрнест Карыбеков менен Кубаныч Кадыров кошуларын билдиришкен.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде "бийликти күч менен басып алууга умтулган" деген негизде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. 2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанышкан. Алардын арызын Бишкек шаардык соту териштирип жатат. Бирок соттолуучулар жана алардын жакындары, айрым активисттер жараян "калыс өтпөй жатат" деп айтып келишет.

Акыркы териштирүү 24-январда болуп, ишти караган судья Адис Момуналиев УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Максат Эсенбаевди сотко чакыруу жөнүндө айыпталып жаткандардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Камактагы оппозициячылардын кийинки соту 31-январда болот. Февралдын башында шаардык сот алардын апелляциялык доо арызы боюнча акыркы чечим кабыл алышы мүмкүн.

"Кургак ачкачылык" - нааразылык билдирген адамдын тамак-аштан гана эмес, суудан жана суусундуктардан да баш тартышы. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG