Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:20

Депутаттар ЖЭБ боюнча Исаковдон маалымат талап кылышты


Бишкек Жылуулук борбору.

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал талкууланууда. Маселе сессиянын күн тартибине биринчи болуп киргизилди.

ЖЭБдеги кырдаал боюнча баяндама жасаш үчүн вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери келишти. Бирок бир катар депутаттар премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин мэри Албек Ибраимов келбегенине нааразы болуп, аларды парламентке чакыртууну талап кылышты. Алар түзүлгөн кырдаалга орун басарлар эмес, түздөн-түз жетекчилер жооптуу экенин, андыктан алар келип маалымат бериши керектигин белгилешти. Ошол эле учурда айрым депутаттар ЖЭБ боюнча штабдын жетекчиси Шадиев экенин эске салып, анын жана парламенттин тармактын комитетинин баяндамасын угуп, андан кийин зарыл болгон учурда премьерди чакыртууну сунуш кылышты.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, абоненттер жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, башкалаа тургундарын катуу нааразы кылган. Учурда айрым райондордо жылуулуктун температурасы көтөрүлө баштаганы кабарланууда. Бир катар райондордогу үйлөрдө абал өзгөргөн жок.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 30-январда ЖЭБде көчмө жыйын өткөргөн. Ушул эле күнү Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG