Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05

Сөөгү келген 197 мигранттын 60тан ашыгы жол кырсыгынан каза тапкан


Мигранттарга арналган көргөзмөдө тартылган сүрөт. Бишкек. 29-сентябрь, 2018-жыл.
Мигранттарга арналган көргөзмөдө тартылган сүрөт. Бишкек. 29-сентябрь, 2018-жыл.

2017-жылы Орусиянын Борбордук федералдык аймагынан 197 кыргызстандык мигранттын сөөгү келген. Алардын 60тан ашууну жол кырсыктарында каза болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиришти.

Ал эми жалпы Орусия боюнча былтыр январь-июнь айларында 216 мигрант каза тапканы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, жол кырсыктары мигранттар миграциялык картаны жаңылатуу максатында чек арага жеңил автоунаалар менен чыкканда катталат. Мигранттар менен Бишкек жана Ош шаарларынан Орусияга же ал жактан кайра Кыргызстанга чыккан автобустар, жеңил машинелер жана кичиавтобустар жол кырсыктарына кабылган учурлар да көп.

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жол кырсыктарынын курмандыктарын, жаракат алгандардын санын азайтыш үчүн бийликти авиа жана темир жол билеттерин арзандатууга чакырууда.

Орусиянын Борбордук федералдык аймагына Москва, Брянск, Владимир, Воронеж, Иванов, Калуга, Кострома, Курск, Липецк, Орлов, Рязань, Смоленск, Тамбов, Тверь, Тула, Ярослав облустары кирет.

XS
SM
MD
LG