Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Мамкаттоо: Былтыр миллионго жакын паспорт берилди


Мамкаттоонун ишканаларынын бири.
Мамкаттоонун ишканаларынын бири.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылы жарандарга паспорттун бардык түрүн кошкондо 942 миң паспорт берген. Буга ID, биометрикалык паспорт жана чет өлкөгө чыкканда колдонулуучу паспорт кирет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Бул рекорд, мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду. Буга былтыр жети ай акысыз паспорт бергенибиз түрткү болду, - дейт ал.

Эржигитовдун айтымында, былтыр жарандардын ар бирине жеке берилчү 500 ПИН-номур ыйгарылган.

Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарат. Ар бир тармак боюнча жасалган иштер тууралуу маалымат берилет.

Кыргызстан биометрикалык паспортко былтыр өткөн. Мындан сырткары, Мамлекеттик каттоо кызматы паспортту басып чыгарыш үчүн жаңы аппарат сатып алган. Ал саатына 300 паспорт басып чыгара алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG