Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Исаков: ЖЭБ боюнча жоопкерчиликти өзүмө алам


Жогорку Кеңештин жыйыны. 31-январь, 2018-жыл.
Жогорку Кеңештин жыйыны. 31-январь, 2018-жыл.

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал талкууланууда. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт өкүлдөрү, энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилери катышууда. Исаков ЖЭБдеги азыркы кырдаалдын себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлө турганын айтып, ага эл өкүлдөрүн да кирүүгө чакырды.

- Насостун ичинде кир, ылай пайда болгон. Эмнеге ылай болот? Жайында ремонт болуп жатканда насос ачылды беле деген суроо жаралат. Насосту тазалагыча от казандардын баары катуу сууктан тоңуп кетиптир. Резервдеги от казанды иштетели десе ал да иштебей койду. Бул нерсе ЖЭБде көйгөй бар дегенди түшүндүрөт. Мунун баары эртели-кеч чыгат. Көп суроонун баары акчага келип такалат. ЖЭБден, "Энергохолдингден" сурасак азыр эми акча жок деп айтарын сезип жатам. Кырдаал үчүн жоопкерчиликти алганга даярбыз. Бирок акционердик коом тарабынан мага эч кандай белги болгон жок, "акча жок, кырсык болуп кетиши мүмкүн" деп эскертишкен эмес. Эки чоң жыйын өткөргөнбүз. Анда да "кышка даярбыз" деп отчет беришкен. Мен жоопкерчиликти өзүмө алам. Кырдаалдын кесепети эмнеден улам болгонун, кимдерди жумуштан алыш керектигин чечем. Ал жерде "коррупция бар, кээ бир тетиктерди салдык деп салбай коет" деген имиштер айтылууда. Анын баары иликтенет. Биз түзүп жаткан комиссияга кирип берсеңиздер.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдык 26-январдын кечинде иштен чыгып, шаардыктар жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, башкалаа тургундарынын катуу нааразылыгын туудурган. Учурда айрым райондордо жылуулуктун температурасы көтөрүлө баштаганы кабарланууда. Бир катар райондордогу үйлөрдө абал өзгөргөн жок.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 30-январда ЖЭБде көчмө жыйын өткөргөн. Ушул эле күнү Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)

XS
SM
MD
LG