Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Исаков: ЖЭБ модернизацияланбаса Бишкекте коллапс болмок


Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунда. 27-январь, 2018-жыл.
Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунда. 27-январь, 2018-жыл.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында маалымат берип жатып премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал, аны модернизациялоо боюнча айтылган сын пикирлерге жооп берди.

- "386 миллион доллар кайда кетти?" деген суроо берилүүдө. Анын чоо-жайын изилдеп чыгабыз. Бирок жаңы ЖЭБди курбасак, шаарда коллапс болмок. Адистер Бишкектеги "жылуулук өткөргүчтөрдүн, түтүктөрдүн баары жарылмак, миллиарддан сом чыгаша болмок" деп жатышат. Бул кырдаал премьер-министр катары мага чоң белги болду. Ийне-жибине чейин териштирип, чечим кабыл алышыбыз керек. Мындан тышкары, "Тажикстанда ЖЭБдин баасы арзан, бизде кымбат" деген сөз чыкты. Адистерден сурасам, алар "Тажикстандагы борбор энергия эле чыгарат, биздики энергия да, жылуулук да иштеп чыгат" деп айтышты. Мен ушул маселе менен алек болуп, аягына чыгарам, - деди Сапар Исаков.

ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Ишти Кытайдын TBEA компаниясы жүргүзгөн. Буга чейин Жогорку Кеңеште "ЖЭБди оңдоп-түзөө иштеринин алдында техникалык-экономикалык негиздеме ачык көрсөтүлбөй калган" деген сын пикирлер айтылган.

Былтыр сентябрда Эсеп палатасы “Электр станциялары” ишканасынын 2015-жылдагы ишмердүүлүгүн текшерген учурда 386 миллион долларлык келишим түзүлгөн маалда ЖЭБди реконструкциялоого кеткен чыгымдардын эсеп-кысабы менен сметасы жок болгонун жарыялаган.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, ошондон бери абоненттерге жылуулук тиешелүү өлчөмдө бериле элек. (NT)

XS
SM
MD
LG