Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Кыргызстандагы чет элдик мигранттардын 70% кытайлыктар түзөт


"Кемин" көмөк чордонун курууга катышкан кытайлыктар. Август, 2015-жыл.
"Кемин" көмөк чордонун курууга катышкан кытайлыктар. Август, 2015-жыл.

Былтыр Кыргызстанда чет элдик жумушчуларга 14 миңден ашык квота берилген. Квоталардын 11 миңге жакынын же 70 пайызын Кытай жарандары алган. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы да ушундай эле өлчөмдө квота бөлүнөт.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов кыргызстандыктар чет мамлекеттерде мигрант болуп жүргөндө жана жумушсуздук башкы маселе бойдон турганда 30-40 миңге жакын чет элдик жаран Кыргызстанда квотасы жок иштеп жүргөнүн айтты.

Буга чейин Миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов Кыргызстанда иштөөгө уруксаттын 80 пайызын кытайлыктар алаарын билдирген.

2017-жылдын жазында УКМК Кытай жарандарына Кыргызстанда убактылуу жашоо тууралуу документтер мыйзамсыз берилген учурлар аныкталганын маалымдаган.

Кыргызстандагы чет элдик мигранттардын арасында Түркия, Түштүк Корея, АКШ, Вьетнам жарандары да арбын.

Жогорку Кеӊеш бүгүн «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Лицензиялык уруксат берүү жөнүндө», «Мамлекеттик алым жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду карап, үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберди. (NT)

XS
SM
MD
LG