Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

1-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек шаары. Архивдик сүрөт.
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда 1-февралда кээ бир тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;

Суусамырда түнкүсүн -27…-32, күндүз -8…-13;

Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;

Баткенде түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдүн дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -11…-16 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкекте 1-февралда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 2…4 градус болот.

XS
SM
MD
LG