Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Ооганстанда жер титиреди


Жер титирөө сезилгенде көчөгө чыкккан тургундар. Равалпинди, 31-январь, 2018-жыл.
Жер титирөө сезилгенде көчөгө чыкккан тургундар. Равалпинди, 31-январь, 2018-жыл.

АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, Ооганстандын Гиндукуш тоо кыркаларында болгон жер титирөөнүн күчү кеминде 6,1 баллды түздү. Кабарларда бүгүнкү жер силкинүүнүн күчү Кабул, Душанбе, Исламабад, Нью-Дели шаарларында да сезилгени айтылып жатат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Пакистандын түштүк-батышындагы Балучистан провинциясынын борбору Кветта шаарында турак үй кыйрап, бир бала каза таап, тогуз киши жарадар болду.

Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын Тажикстан менен чек арасына жакын түндүк-чыгыш бурчунда, Жарм деген жерден 35 чакырым түштүк тарапта болгон.

Ооганстанда, өзгөчө Евразия жана Индия тектоникалык плиталарынын кесилишинде жайгашкан Гиндукуш тоо кыркаларында жер титирөө мезгил-мезгили менен кайталанып турат.

Буга чейин 2015-жылдын октябрь айындагы зилзаладан 400дөн ашуун киши каза таап, Ооганстан менен Пакистанда миңдеген адамдар үй -жайынан айрылган. (UE)

XS
SM
MD
LG