Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы сессиясында Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал талкууга алынды.
Жыйындын жүрүшүндө "Бир бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев өкмөттн жетекчисине жана тиешелүү ишканалардын башчыларына: "Башкалаада ЖЭБдин иши качан толук калыбына келтирилип, иштей баштайт?" деп суроо узатты.
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаев "азыр башкы максат - эки чоң от казанды ишке киргизишибиз керек. Бизге кеминде эки күн талап кылынат" деген жооп кайтарды. Бирок премьер-министр Сапар Исаков Узакбаевдин айткан сөзү аткарыла турганынан күмөн санады:
- Мен буларга ишенбей калдым. Эки күн жетишсиз болот. Бизге дагы 1,5-2 жума керек. Булар ушинтип "эртең-бүрсүгүнү" деп эле айта беришет экен. Ошого кошумча убакыт алып атам.
ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, ошондон бери абоненттерге жылуулук тиешелүү өлчөмдө бериле элек. (NT)