Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 18:01

Өзбек чек арачылары аткан октон жараланган жаран Кыргызстанга өткөрүлдү


Кыргыз-өзбек чек арасы.

Өзбекстандын чек арачылары аткан октон жарадар болгон жаран Кыргызстанга өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургуну ​Асан Үсөнбаевди чек арачылар, туугандары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 31-январда Кара-Суу районундагы “Достук” бекетинен өткөрүп алышты. Ал дароо эле Ош облустук ооруканасына жеткирилди, жакындарынын чечими менен бүгүн Бишкекке келет. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, анын абалы канааттандырарлык.

Үсөнбаев 27-январда Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде кой жайып жүрүп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. ​Коңшу мамлекеттин чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай качып баратканда ок жаңылып, жарадар болгону, андан кийин Өзбекстандын Чуст районундагы ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Окуя боюнча эки өлкө тең өз алдынча иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында чек арада мындай фактылардын алдын алуу боюнча аракеттер көрүлөрү айтылды. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG