АКШда конгрессмен-республикачылар бараткан поезд рельстен чыгып, жүк ташуучу унаа менен кагылышып кеткен. Жүк ташуучу унаадагы бир киши жан берип, дагы бирөө жарадар болду. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады. Конгрессмендер Батыш Виржиниядагы партиялык жыйынга катышканы баратышкан. Алардын арасында жабыркагандар жок экени айтылды.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс президент Доналд Трамп окуядан кабардар экенин билдирди. Полиция кырсыктын себептерин иликтөөдө.