Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө суу ташкынын азайтуу иштери уланууда

Ала-Арча дарыясындагы тазалоо иштери. 30-январь, 2018-жыл.
Ала-Арча дарыясындагы тазалоо иштери. 30-январь, 2018-жыл.

Бишкек шаарында, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактарында суу ташкынын азайтуу, дарыялардын нугун калыбына келтирүү иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 31-январда кечке жуук Бишкектин четиндеги Ала-Арча суусу ташып, эки турак үйдү жана бир кампаны каптаган. Министрликтен жана жергиликтүү бийликтен техника бөлүнүп, абалды жөнгө салуу уланууда. 

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу сайы тоңуп, суунун нугу бурулуп, 31-январда Кызыл-Суу айылында эки үйдүн короосун жана чарбалык курулуштарын каптаган. Жергиликтүү "Тазалык" ишканасы музду жарып, сууну тарткан. 

Чүйдүн Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагында да Шорго-Булак суусу тоңуп, 29-январда Тунук айылындагы алты турак жайдын короосун каптаган. Тазалоо иштери уланууда. 

Чүй айылында жер кыртышындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, аны басаңдатуу иштери жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG