Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Кыргызстан менен Улуу Британиянын окуу жайлары кызматташат


Бишкектеги китепкана. Май, 2017-жыл.
Бишкектеги китепкана. Май, 2017-жыл.

Бүгүн саат 10:00дө Бишкектеги "Хаят" мейманканасында Улуу Британия менен Кыргызстандын окуу жайларынын алгачкы форуму өтөт. Анын максаты - эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын программасын бири-бирине ылайыкташтыруу. Бул иш-чара Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу жана Британ кеңешинин демилгеси менен өтүп жатат.

Форумга эки өлкөнүн алдыңкы атыккан окуу жайларынын өкүлдөрү катышат. Мында билим берүү тармагындагы реформа, глобалдык деңгээлдеги өзгөрүүлөргө көмөктөшүү, бул үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү маселеси да козголот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG