Оштун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов өзү тартылып, Интернетке тарап кеткен видео боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.
Сүйлөшүүгө келген жергиликтүү тургундарга кыйкырып, аксакалдар менен урушкан видео 30-январда социалдык тармактарга тараган. Анда тургундар жер маселесин көтөрүшкөнү, өкмөт башчы видеого тартып жаткан адамдан телефонун тартып алууга аракет кылганын көрүүгө болот. Абдукаримов бул маалыматты төгүндөп жатат. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар Төлөйкөн айылынын башчылыгына өздөрү көрсөткөн адамды дайындаган буйрук чыгарып берүүнү талап кылышкан:
- Видеого тарткан адам "эң көйгөйлүү, эл көңүл бура турган жер, социалдык объектилер тууралуу" деп туура эмес маалымат берип коюптур. Өздөрү айыл башчынын сунушу менен эле келген. Ачууга алдыргандын себеби бар. Бир секунддук видео менен жыйынтык чыгарган болбойт. Алар мага "буйрук чыгарып бересиң" деп көрсөтмө берип жатышат.
Бүгүн Ошто аталган аймактын тургундары «Коррупция айылдан башталабы?» деген темада маалымат жыйынын өткөрүшөт. (КЕ)