Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:31

Алайда дайынсыз жоголгон мергенчи изделүүдө


Алай өрөөнү.

Оштун Алай районунда 28-январдан бери дайыны чыкпай жаткан мергенчи изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь айылынын Д.Матишов аттуу тургуну Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң уулаганы кеткен бойдон келген эмес. Ал акыркы жолу 28-январда кечки саат төрттө үй-бүлөсү менен телефон аркылуу байланышкан.

Дайынсыз жоголгон мергенчини издөө иштери 30-январда башталып, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты куткаруучусу, милиция кызматкерлери жана туугандары катышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG