Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:18

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев спикер Дастанбек Жумабековду "өкмөт башчыны коргоого аракет кылып, парламенттин аброюна шек келтирип жатат" деп сындады. Мындай пикирин ал 1-февралда жалпы жыйында сүйлөп, 31-январь күнү Бишкектеги Жылуулук электр борборуна байланыштуу маселе каралып жатканда өкмөттү сындаган депутаттарга парламент төрагасы комментарий берип, бир канча жолу премьер-министрге сын айттырбаганга аракет кылганын белгиледи:

- Мурун да спикерлер өкмөт башчыга каршы болгон эмес, бирок позициясын парламентке таңуулабай, калыс алып барчу. Ошондо парламенттин бедели өсчү. Менин эсебим боюнча төрага 8-9 жолу премьер-министрди колдоп, комментарий бергени мени таң калтырат. Сыртта бир миллион эл суукта калып турса... Биз премьер-министр менен иштешибиз керек. Бирок ачыктан-ачык колдоо парламенттин кадыр-баркына шек келтирет.

Төрага Дастанбек Жумабеков бул боюнча азырынча пикирин билдире элек.

Өткөн жумада Бишкек жылуулук электр борбору бузулуп, үйлөр ысыбай калган.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү бул боюнча шаршемби күнү Жогорку Кеңештеги жыйынга чакырылган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG