Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага берилген мамлекеттик жактоочуга 12 томдук иш менен таанышып чыгууга уруксат берилген жок.
Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык сотунда соттук жыйын уланууда. Саляновага жаңы дайындалган мамлекеттик жактоочу Саня Ахмаметова иш менен таанышууга судьядан убакыт сурады, бирок судья Ирина Воронцова аны канааттандырган жок. Буга Аида Салянова да нааразылык билдирип, 12 томду бир күндө окуп чыгуу мүмкүн эмес экенин айтып, сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Салянованын мурдагы адвокаты Чынара Жакупбекова ден соолугуна байланыштуу отурумга келе албай жүргөн.
Аида Саляновага кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.
Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.