Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

Польшада Холокостко байланышкан талаштуу мыйзам жактырылды


Польшанын Сенаты поляктардын Холокосттогу терс ролу тууралуу сөздөр үчүн жазаны караштырган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Өлкөнүн аброюн коргоону максат кылган мыйзам АКШ менен Израилдин сынына карабай жактырылды.

Бүгүн жогорку палатада колго салынган документте нацисттердин концлагерлерин “поляк өлүм лагерлери” деп атагандарды жана Польшаны "нацисттердин кылмыштарына жардам берген" деп айыптагандарды үч жылга чейин түрмөгө кесүү же айыппул салуу каралган. Долбоор эми президенттин кол коюусуна жөнөтүлмөкчү. Мамлекет башчы буга чейин мыйзамды колдоорун айткан.

Кошмо Штаттар жана Израил "мыйзам долбоору сөз эркиндигин жана академиялык изилдөөлөрдү чектейт" деп, андан баш тартууга чакырып келишкен.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Варшавадагы элчисине Польшанын өкмөт башчысы менен жолугушуп, нааразылык билдирүүнү тапшырды.

Нацисттер Польшаны басып алган 1939-жылдан кийин өлкө аймагында концлагерлер курулуп, аларда миллиондогон адамдар, негизинен жөөттөр жок кылынган.

XS
SM
MD
LG