Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот орусиялык 28 спортчунун арызын канааттандырды. Допинг колдонгону үчүн өмүрүнүн аягына чейин Олимпиадалардан четтетилген орусиялык 39 спортчу сотко кайрылган. Сөз болгон 28 атлетке каршы санкциялар жокко чыгарылды, алардын Сочидеги кышкы оюндардагы жыйынтыктары калыбына келтирилет.
Орусиялык спортчулар Денис Освалддын комиссиясы жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан четтетилген. Комиссия Сочидеги допинг-анализдерди кайра текшерип чыккан.
Лозаннадагы сот "Эл аралык Олимпиада комитети чогулткан далилдер жетиштүү эмес" деп чечти.
Дагы 11 спортчунун арыздарын сот жарым-жартылай канааттандырды. Алар Пхенчхангдагы оюндарга катышпайт, бирок андан аркы Олимпиадаларга бара алышат.
Орусия бардыгы болуп Сочидеги 13 медалдан ажыратылган.
5-декабарда Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасын бир нече күндөн кийин башталып жаткан Пхенчхангдагы кышкы оюндардан четтеткен. Эки иликтөө спортто кызытма колдонуу программасын Кремль өзү колдогонун бышыктаган. Ал эми допинг колдонбогон, таза спортчуларга бейтарап желек астында жарышуу уруксаты берилген.