Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 15:14

Казакстан: атайын кызматтын мурдагы башчысына дагы бир өкүм чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Астанадагы сот Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Нартай Дутбаевди мамлекеттик каражатты кымырып алуу жана арам акчаны адалдоо иши боюнча айыптуу деп таап, 12 жылга абакка кести. Аскердик соттун жаңы өкүмү 26-январда чыкканы маалым болду. Аны менен кошо бул иш боюнча дагы бир нече киши соттолду. Дутбаевдин мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыую салынды.

Буга чейин Дутбаев "мамлекеттик сырды шардана кылган" деп 7 жылга эркинен ажыратылган.

Адвокаты Негмат Исиргепов Дутбаев күнөөсүн моюнга албаганын, жогорку инстанцияга арыз берээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG