Анжелина Жоли аялдарды коргоого чакырды
Польшада Холокост боюнча талаштуу мыйзам кабыл алынды. Эми поляктарды фашисттик Германиянын кылмыштары менен байланыштыргандар жазага тартылат. Акыркы күндөрү Орусиянын атайын кызматтарынын үч жетекчисинин Кошмо Штаттарга барышы адаттан тыш окуя катары сыпатталууда. Айрым сенаторлор бул үчүн президент Трампты катуу сындап жатышат. Спорт боюнча Арбитраждык сот эл аралык мелдештерден өмүр бою четтетилген 43 орусиялык атлеттин 28инен санкцияларды алып салды. Муну менен Орусия Сочидеги командалык биринчилигин кайра калыбына келтирди. Анжелина Жоли согуш аймактарындагы аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүгө чакырды.
Чыгарылыштар
-
Июль 17, 2026Бишкек соту Имамидин Ташовду сегиз жылга кести
-
Июль 15, 2026“Сөгүп, ур-тепкиге алышат”. Абактагы Аскаттын каты
-
Июль 13, 2026Абактагы Алга Кылычевдин абалы кандай?
-
Июль 10, 2026Казак полициясы чек арада машинелерди текшерет