Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:01

Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шамбесай кени боюнча жыйын өтөт. Анда кенди иштетүүчү компания менен жергиликтүү тургундар жолугуп, иштөө тартиби жөнүндө элге маалымат берилет.

Райондун акими Жаныбек Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кенди иштетебиз деген компания цианид колдонбой иштей турган жаңы технологияны сунуш кылууда.

Жергиликтүү тургундар жыйында экология маселесин көтөрүшөрүн кадамжайлык Абдулашим Отонбаев кабарлады:

- Бизди түйшөлткөн маселе - экология. Экинчиден, бардык жерде эле бул тармак коррупциялашып кетти, эл ошондон арылууну жана ачык-айкындуулукту талап кылып жатат. Булардын долбооруна караганда, мамлекеттин ал жерде эч кандай үлүшү жок болуп жатат. "Жылына 40 млн. сом салык төлөйт" дейт. Бул аз да. Элдин өзүнүн кирешеси ал жерде көп сумма, ошондуктан бул элди канааттандырбайт.

Шамбесай кенинде түрдүү маалыматтар боюнча болжол менен сегиз тоннадан он тоннага чейин алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG