Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Сапар Исаков Казакстанда өтчү ЕАЭБдин жыйынына катышат


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков Алматы шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Биримдиктин саммитине Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев төрөгалык кылат.

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары интеграциялык бирикмелердин өнүгүшүн жана нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу маселелерин талкуулашат. Мындан сырткары, саммиттин күн тартибине агроөндүрүш тармагындагы кызматташтык жана чек ара соодасындагы атаандаштыктын тартиптери жөнүндө сүйлөшүү да кирген. Товарларга белги басуу боюнча макулдашууга кол коюлары айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG