Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

TI уюму Шуваловдун Лондондогу батирин текшерүүгө чакырды


Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шувалов.
Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шувалов.

Эл аралык “Transparency International” уюму Бритиниянын бийлигин Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шуваловдун Лондондогу батирин текшерүүгө үндөдү. Уюмдун мүчөлөрү Темза дарыясын бойлой курулган апартаменттен 11 млн. фунттан ашуун каражатка бааланган үйдү мыйзамсыз сатып алышы ыктымал деп эсептешет.

Шуваловдун кыймылсыз мүлкү тууралуу маалымат орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жетектеген коррупцияга каршы күрөш фондунун иликтөөсүндө айтылган. Анда батир бир нече оффшорго жазылганы, алардын бири Шувалов менен аялына таандык экени белгиленген.

Британияда 31-январдан тартып 50 миң фунттан жогору суммадагы мүлк үчүн отчет бериле турган мыйзам күчүнө кирди. Эгер ээси сатып алган мүлккө, буюмга каражатты кайдан тапканын аныктап, түшүндүрүп бере албаса, анда ал мүлк мамлекеттин менчигине өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG