Террордук топтордун түйүндөрүн жок кылуу максатында өткөрүлгөн операциялардын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында экстремисттик аракеттерди кылып жүргөн 47 жаштагы У.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Шектүү КМШ мамлекеттеринин биринин жараны экени жана экстремисттик багыттагы кылмыштары үчүн эл аралык издөөдө жүргөнү аныкталды. Ал өзүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун жасатып алган. Жасалма паспортто анын жашы 45те деп көрсөтүлгөн жана аты-жөнү кыргызча жазылган.
Шектүү эл аралык террористтик уюмдун көрсөтмөсү менен Кыргызстандын аймагында жана Фергана өрөөнүндө жоочуларды тарбиялоочу жай ачып, экстремисттик идеяларды жайылтып келгени такталды.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факты боюнча тергөө иштери уланууда. (ErN)