Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:01

Бомба чыры боюнча териштирүү бүтө элек


Дүйшөнбек Зилалиев.

“Бомба чуусуна” байланыштуу козголгон кылмыш иши тергелип бүтө элек. Бул тууралуу кылмыш ишинде аты аталган мурдагы аткаминер Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Мен барып жүрөм. Азырынча бүтө элек го. Бүтсө мага айтышмак да.

УКМК бул маалыматты ырастады.

УКМК 24-ноябрда президенттин кортежи өтчү көчөгө бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат боюнча декабрь айында кылмыш ишин козгогон.

Анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин аты аталган. Ушундан кийин ал кылмыш иши тергелип бүткөнгө чейин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG