Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Бишкекте казино катары иштеп жаткан бильярд клубу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы «555» бильярддык клубунда көмүскө казино иштеп жатканы аныкталып, чара көрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Мыйзамсыз иштеп жаткан казинодо покер оюнунун алты столу, фишкалары жана карталар табылган. Операция учурунда ар бир столдо алты-жетиден киши ойноп жатканы аныкталган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-1 беренеси ("Лотерея жабдууларын жана башка каражаттарды колдонуу менен кумар оюндарын уюштуруу") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Кыргызстандын аймагында казино ачууга жана иштетүүгө тыюу салынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG