Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Тогуз-Тородогу алтын фабрикасынын зыяны текшерилет


Макмал.
Макмал.

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Макмал кенинин базасында курулуп жаткан тоо-кен байытуучу фабриканын зыяндуу же зыянсыз экени текшерилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскулов билдирди. Анын айтымында, учурда долбоорлоо аракети жүрүп жатат жана фабрика толук иштей элек.

1-февралда Тогуз-Тородо чогулган митингчилер Макмал кенинин базасында курулуп жаткан тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршы чыгышып, “фабрика ишке кирсе Чернобыль сыяктуу эле зыяндуу болорун, мал-жан ууланарын” айтып чыгышкан эле. Акциянын уюштуруучулары митингге 500дөн ашуун киши катышканын кабарласа, жергиликтүү бийлик алардын саны 150-200 экенин билдирген.

Нааразылыкка чыккандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да жолугуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ага карабай тургундар мындай митингди 7-февралда да өткөрүшөрүн айтып жатышат.

Алтынды бөлүп алуучу фабриканы “Ji El Makmal Development” ишканасы 2017-жылдан бери куруп жатат. Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында бүтүп, айына 165 кг алтын өндүрөт деп пландалууда.

Комбинаттын өндүрүүдөгү кубаты бир күндө 100 тонна аралашманы кайра иштеп чыга алат. Алтын аралашмасын кайра иштеп чыгуудан фабрика доре куймасын алат.

19 миңден ашуун калк жашаган Тогуз-Торо району жалгыз "Макмал" алтын комбинатына көз каранды. Алтын кени ачылгандан тартып ушул күнгө чейин ар бир үй-бүлөдөн жок дегенде бирден киши ал жерде иштеген. Учурунда үч миңге жакын жумушчу иштеп, айына 180ден 250 килограммга чейин алтын өндүрүп турган. Азыр ал көрсөткүч кескин өзгөрүп, 30-40 килограммга түшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG