Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Фидел Кастронун уулу өз өмүрүн кыйганы кабарланууда


Кубанын мурдагы лидери Фидел Кастронун тун уулу Фидель Кастро Диас-Баларт. 1-июнь, 2016-жыл.
Кубанын мурдагы лидери Фидел Кастронун тун уулу Фидель Кастро Диас-Баларт. 1-июнь, 2016-жыл.

Кубанын мамлекеттик каражаттары кабарлагандай, Кубанын мурдагы лидери Фидел Кастронун тун уулу өз өмүрүн кыйды.

"Granma" аттуу расмий басылма "бир нече айдан бери терең депрессияда жүргөн" Фидел Кастро Диас-Баларт 1-февраль күнү эртең менен өз жанына кол салганын жазды.

68-жаштагы кичүү Кастронун ысымы атасыныкына окшош болгондуктан, аны көбү "Фиделито" деп аташчу. Маалымат каражаттары кабарлагандай, ал Кубанын Мамлекеттик кеңешинде илимий кеңешчи болуп иштеп келген, ошондой эле Кубанын Илимдер академиясынын вице-президенти болгон. Анын апасы Мирта Диас-Баларт-и-Гутиеррес Фидел Кастронун биринчи аялы болгон.

Кастролордун улуусу болсо ондогон жылдар бою Кубанын башында турган. Ал 2016-жылдын 25-ноябрында 90 жаш курагында көз жумган. Ар кандай маалыматтарга ылайык, Фидел Кастронун 11 баласы болгон.

XS
SM
MD
LG