Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Ысык-Көл облусунун прокурору өз ыктыяры менен кызматынан кетти


Майрамбек Таалайбеков.
Майрамбек Таалайбеков.

Ысык-Көл облусунун прокурору Майрамбек Таалайбеков кызматтан кетүү тууралуу өз ыктыяры менен арыз жазганын "Азаттыкка" билдирди. Таалайбековдун арызын башкы прокурор кечээ канааттандырып, кызматынан алган.

Таалайбеков кызматтан кетип жатканынын себебин ачык түшүндүргөн жок.

41 жаштагы Майрамбек Таалайбеков облус прокурору болуп өткөн жылдын июль айында дайындалган. Ага чейин Ысык-Көл районунун прокурору болуп иштеген. (AsM)

XS
SM
MD
LG