Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:21

Кыргыз-орус өкмөттөрү санарип боюнча кызматташууну талкуулады


Дмитрий Медведев жана Сапар Исаков. Алматы шаары. 2-февраль, 2018-ЖЫЛ.
Дмитрий Медведев жана Сапар Исаков. Алматы шаары. 2-февраль, 2018-ЖЫЛ.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 2-февралда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аппараты билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчылар эл аралык санариптик күн тартиптин акыркы тенденцияларын, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын алкагындагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоого багытталган маселелердин бардык тармактары боюнча иштиктүү диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаков Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык жыйынына жана “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына барган. Ага бир нече өлкөнүн өкмөт башчылары катышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG