Ооганстандын президенти Ашраф Гани коңшу Пакистанды "талибдердин уюгу" деп атап, Исламабадды "Талибанга" каршы тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.
2-февралда элине жасаган кайрылуусунда Гани анын өлкөсү Пакистан бийлигине согушкерлердин толук тизмесин тапшырганын айтты.
- Биз кандай бир аракеттерди күтүп жатабыз. Сүйлөшүүлөр жана процесстер кагазда гана калууда. Ооган эли так жана чыныгы аракеттердин көрүлүшүн талап кылат, - деди Гани.
Ооган президентинин сөздөрү Кабулда бир канча кол салуулар уюштурулгандан кийин жасалды. 27-январдагы жанкечтинин чабуулунан 100дөн ашуун бейкүнөө адам мерт кеткен. Ал үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна "Талибан" алган.
Ушул жума башында ондогон оогандыктар Кабулдагы Пакистандын элчилигинин алдына жыйналып, "Пакистанга өлүм!" деп кыйкырышып, туусун өрттөштү.
Исламбад "согушкерлерди калкалап жатат" деген айыптарды четке кагып келет.