Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 11:03

Кыйноого шектелген мурдагы үч милиционердин соту 6-февралга калды


Иллюстрациялык сүрөт.

Талас райондук сотунда кыйноого шектелген мурдагы үч милиция кызматкеринин соту 6-февралга калды. Мындай чечимди райондук сот 2-февралдагы жараянда кабыл алды.

Соттук териштирүүдө бул иш боюнча чечим чыгары күтүлүп жаткан. Бирок шектелип жаткандардын адвокаты кошумча күбөлөрдү суракка алууну өтүндү. Ал эми жабырлануучу кыйноого кабылганы боюнча кошумча далилдерди көрсөтөрүн билдирип, жараян кийинкиге жылды.

Мурдагы милиция кызматкерлери жергиликтүү тургун Автандил Тынышевди "кыйноого алган" деп шектелүүдө.

Тынышев боюнча кылмыш иши төрт жыл мурда Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси ("Кыйноо") менен козголгон. Кыйноого айыпталган Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иштен бошотулган. Бул - Талас облусунда кыйноо боюнча ачык жарыяланган алгачкы иш болуп калды. (AlS/NT)

XS
SM
MD
LG