Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

АКШ жаңы өзөктүк доктринасын жарыялады   


АКШнын Коргоо министрлиги жарыялаган жаңы өзөктүк доктринада Орусия тараптан туулган коркунучтарга байланыштуу өзөктүк мүмкүнчүлүк жогорулашы ыктымалдыгы жазылган.

Документте Орусия менен Кытай тараптан коркунуч бар экени белгиленген. Ошондой эле Вашингтон Орусия менен Кытайды "душман" катары көргүсү келбей турганы, бирок аталган эки мамлекет тынчсыздануу жаратары, ага карабай алакалар туруктуу болоруна үмүт бардыгы айтылат.

Reuters агенттиги доктринадагы "Биздин стратегия Орусияга өзөктүк куралдарды колдонуу кандай гана ниетте жана өлчөмдө болбосун - кабыл алынгыс экенин түшүндүрөт", - деген үзүндүнү жазды.

Мындан тышкары документте АКШ акырындап өзөктүк куралды азайтып келатканы менен, Орусия менен Кытай тескерисинче көбөйтүп жатканы да маалымдалган.

АКШнын мурдагы өзөктүк доктринасы 2010-жылы, ошол кездеги президент Барак Обаманын тушунда жарыяланган.

2016-жылдын декабрында азыркы президент Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясы менен тааныштырган. Анда Орусия менен Кытай коргоо тармагынын чыгымдарын көбөйткөн жана жарандык коомчулукка репрессиялык ыкма колдонгон "ревизионисттик державалар" деп аталган.

XS
SM
MD
LG