Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Орусиялык алты атлетчинин олимпиада тууралуу арызы четке кагылды


Александр Логинов (солдон экинчи). 2017-жыл, февраль.
Александр Логинов (солдон экинчи). 2017-жыл, февраль.

Швейцариянын Федералдык соту орусиялык алты спортчунун Эл аралык олимпиада комитетинин чечиминин үстүнөн берген доо арызын четке какты. Бул тууралуу Insidethegames спорт порталы билдирди.

Орусиялык атлетчилер Александр Логинов, Ирина Старых, Денис Юсков, Павел Кулижников, Дмитрий Васильев жана Татьяна Берегулина Түштүк Кореядагы кышкы олимпиада оюндарына чакыруу тууралуу өтүнүчтөрү четка кагылгандан кийин сотко кайрылган. Алты спортчу тең буга чейин кызытма колдонду деген негизде оюндардан четтетилген, бирок учурда аларды дисквалификациялоо мөөнөтү аяктады деп жазган Insidethegames.

Лозаннадагы спорттук арбитраждык сот 1-февралда орусиялык 28 спортчуну Олимп оюндарынан өмүр бою четтетүү тууралуу чечимди жокко чыгарган.

Ага чейин аталган уюм аларды кызытмага каршы эрежелерди бузду деп дисквалификациялаган. Ал эми дагы он бир атлет боюнча чектөөлөрдү күчүндө калтырган. Бирок алар Түштүк Кореядагы оюндарга гана катыша албайт деген чечим кабыл алынган. Эл аралык олимпиада комитети спортчулардын Швейцариянын федералдык сотуна апелляциялык доо арыз менен кайрылуусуна уруксат берген. Муну Дүйнөлүк кызытмага каршы агенттиги да колдогон.

Былтыр 5-декабрда Орусиянын курама командасынын Түштүк Кореяда февралга белгиленген кышкы олимп оюндарына катышуусуна бөгөт койгон. Эки жолу жүргүзүлгөн иликтөөлөр Кремл спортто кызытма колдонуу системасын уюштурганын далилдегени айтылган. Канынан кызытма чыкпаган орусиялык спортчуларга бейтарап желек менен мелдештерге катышууга уруксат берилген. Натыйжада жалпы 169 орусиялык атлетчи каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG