Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 12:01

Бишкекте бокс боюнча мелдештин финалы өтүп жатат 


Турнирден тартылган сүрөт.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш уланууда. Ушу тапта финалдык таймаштар өтүп жатканын Кыргызстандын бокс федерациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, 3-февралдагы жарым финалдык оюндардын жыйынтыгында он беш кыргызстандык финалга чыккан. Бүгүн 49 килограммдан жогорку салмактагы 24 спортчу таймашат.

Оюндар 31-январда башталган. Анда Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн 146 мушкер күч сынашты. Алардын жетөө кыздар.

Эркектер арасында 10 салмак категориясында, кыз-келиндер арасында үч салмак категориясында байгелер ойнотулууда.

Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 41-жолу уюштурулду.

XS
SM
MD
LG